Бишкекте баланын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

4-июнда саат 04:57 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө өспүрүм кыз оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары маркумдун бир тууган эжеси — 2011-жылы туулган Э.И. аныкталып, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда тергөө кызматына жеткирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.