Бишкекте баңгизат саткан интернет дүкөн табылды

Бишкек шаарында баңгизат саткан интернет дүкөнү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган баңгизат дүкөнүндө сатып алуучу менен сатуучу жолукчу эмес. Алар тек гана интернет аркылуу байланышып, акча электрондук капчыкка которулчу. Ал эми бул баңгизат дүкөнүнүн ээси катары шектүү 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

Кылмышкер интернет дүкөнү аркылуу товардын аталышын, салмагын, баасын жарыялап турган. Сатып алуучу менен сатуучу жолукчу эмес. Алар тек гана интернет аркылуу байланышта болушкан. Шектүү товарды саткандан кийин аларды короолордогу таштанды челектерге, урналарга таштап кетип турган. Ал эми сатып алуучу каражатты электрондук капчыктарга, банктык картага которуп турган. Шектүү акчаны жеке керектөөсү үчүн сарптаганы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле шектүү жарандын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын өстүрүүгө ылайыкталган жабдыктар, рация, компьютер табылган. Себеби ал изин жашыруу үчүн ар дайым эски аккаунттарын өчүрүп, жаңыларын ачып турган.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында соттук-химиялык, программалык-техникалык, техникалык-криминалдык экспертиза дайындалды. Учурда кылмышка тийиштиги бар башка тараптар дагы изделип жатат.