Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн делип 2 жигит кармалды (сүрөт)

Бишкек шаарында баңгизат саткандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аламүдүн РИИБге Жазык кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө. 4-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сатып алуу учурунда 23 жаштагы жаран кармалып, анын шымынын оң чөнтөгүндө 18 даана кызыл түстөгү атайын “термо” каптары алынган. Алардын ичинде жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган. Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кармалган жаран өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды атайын калтырылган жерлерин көрсөтүп, 21 даана кызыл-сары түстөгү атайын “термо” каптары табылып алынган. Кармалган жарандан жалпысынан 40 даана баңги жана психотроптук заттар алынып, бул 320 дозага жеткендиктен жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары, атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринде аталган кылмышка катыштыгы бар 1999-жылы туулган жаран кармалган. Ал баңгизаттарды таратып саткандыгын мойнуна алып, Бишкек шаарынын аймагында катылган баңгизаттарды көрсөтүп берип, анда 20 даана “термо” каптары алынган. Алардын бирин ачкан учурда, кристаллдык ак зат бар экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча катталган. Аламүдүн райондук соту тарабынан кармалган жарандарга карата тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.