Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
22-апрель күнү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Октябрь районунун аймагында белгисиз жарандар ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган шектүү кармалган.
Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 160 даана зип пакетке жана изоленталарга оролгон, өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизаттары табылган. Алардын жалпы салмагы 6 килограмм 776 граммды түзгөн. Анын баасы 18 миллион 960 миң сомго бааланган. Шектүү баңгизаттарды Telegram аркылуу алып, жашыруун жерлерге катып сатып, чоң өлчөмдөгү айлык маяна алып тургандыгын билдирген.