Бишкекте баңгизат таратууга шектүү кармалды (видео)

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

8-февралда милиция кызматкерлерине борбор калаада белгисиз адам ооган тектүү баңгизатын таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Подольский менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалган. Тинтүү учурунда лентага оролгон кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат, түсү тунук целлофан табылып алынган заттын таңгагы менен бирге салмагы 1 килограмм 100 граммды түзгөн. Тиешелүү экспертиза дайындалып, изилдөө үчүн берилген заттар баңгизаты: кара куурай чайыры «гашиш» экендиги аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкектин Ленин райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.