Бишкекте баңгизаттардын таралышынын алдын алынды (видео)

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын таратуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМге психотроптук заттардын ири партияларын Кыргызстанга алып келүүнү ишке ашырган адамдардын тобу тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1971-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Тинтүүдө анын күрмөсүнөн брикет табылып, «Alpha-PVP» психотроптук заттар алынган.

Кармалган жарандын уюлдук телефонун текшерүүдө баңгизаттарды андан ары таратууга үчүн жашыруун жерин аныктоого мүмкүндүк берди. Анын телефонунда «Alpha-PVP» психотроптук заттын таңгакталган баштыкчалары сакталган жашыруун жер тууралуу маалымат камтылган. Жашыруун жер Бишкек шаарынын райондорунун биринен табылган. Аталган аймакта тинтүү жүргүзүлүп, синтетикалык баңгизаттардын ири партиясы табылган. Кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаттын олуттуу партиялары таңгактоо үчүн каражаттар, ошондой эле «Alpha-PVP» жана «мефедрон» психотроптук заттары салынган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, баңгизаттарды сатуудан мыйзамсыз киреше 1,6 миллион сомдон ашык болушу мүмкүн болмок. Көрүлгөн чаралар Кыргызстандын аймагында психотроптук заттардын 1770 бир жолку “дозасынан” ашык таралышынын алдын алынды.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого жана наркотрафик чөйрөсүндө мындан аркы кылмыштуу аракеттерди болтурбоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.