Бишкекте баңгизатты момпосуйдун таңгагына ороп сатып жүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди. 

Баңгизат менен күрөшкөндөр баңги жана психотроптук заттарды таратуу менен алектенген Telegram-канал тууралуу маалымат алышкан. Социалдык тармактар ​​аркылуу иш алып баруу учурунда милиция кызматкерлери тыюу салынган заттарды сатуу фактыларын тастыктаган далилдерди чогултушкан.

9-июль күнү кечинде 1998-жылы туулган жаран кармалган. Ал куратор болгон. Андан 9 момпосуй аныкталган, анын ичине афган чаарлары (гашиш) катылган. Мындан тышкары, кармалган адам баңгизат катылган жерлерди көрсөткөн.

20-август күнү 1997-жылы туулган жаран кармалды. Ал таңгакчы деп шектелүүдө. Анын үйүнөн салмагы 2 килограмм 633 граммды түзгөн гашиш табылган.