Бишкекте банкты оюнчук тапанча менен тоноого шектелип Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте банктардын бирин оюнчук тапанча менен тоноого шектелип Пакистандын 22 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы маалымат таратты.

“27-ноябрда банктардын бирине кол салуу болгону жөнүндө маалымат келип түшкөн. Банктын өкүлү имаратка белгисиз бирөө чуркап кирип, тапанча кезеп, акча талап кылганын айтып берген. Баш тартып койгон учурда ал адам кайра чуркап чыгып кеткен. Арыз берген адам тоноочу ага түшүнүксүз тилде сүйлөгөнүн да билдирген”, — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тоноого шектүүнүн ким экендиги аныкталып, аны кармоо учурунда жанынан эки оюнчук тапанча табылган.