Бишкекте батирден 130 миң доллар уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октбярь РИИБден билдиришти.

9-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран кайрылып, Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен 130 миң АКШ долларын уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1989-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүдөн 74 миң 400 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.