Бишкекте батирден 252 миң сомдук зер буюмдар жана 72 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

11-мартта милицияга жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, 72 миң сом акчасын жана 252 миң сом зер буюмдарын жашыруун түрдө уурдап, белгисиз тарапка качып кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.