Бишкекте оюнчук тапанча менен адамга кол салган шектүү кармалды

Бишкекте оюнчук тапанча менен көчөдө бара жаткан адамды тоноп кетти. Бул тууралуу патрулдук милициянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 04:00 чамасында «102» кызматына Жибек Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде эркек киши тапанча менен коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Жабырлануучунун айтымында, аны белгисиз адам тапанча менен коркуткан. Ал акча талап кылган, андан кийин күч менен кийимин, бут кийимин тартып алган. Милиция тарабынан кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган жигит кармалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.