Бишкекте бийчи кыз хореографты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Социалдык тармактарда бийчи кыз хореографты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады. Маалыматка караганда, окуя 2019-жылы болгон. Ал учурда кыз 16 жашка чыга элек болгон.

Өзүнүн айтымында, ал бий менен алектенип, топ менен бир үйдө жашачу. Алардын машыктыруучусу көбүнчө алар менен түнөчү. Ошондой күндөрдүн биринде анын бөлмөсүнө хореограф келип, булчуңдары ооруп жатканын айтып арызданган. Ал укалап берүүнү суранган. 

«Мен макул болдум, анткени ал менин продюсерим болгондуктан, топтон чыгып калгандан коркчумун. Колдорун, денесинин кээ бир жерлерин укалоо менен ал жийиркеничтүү нерселерди айтты. Мен анын жыныстык органынын кантип чыгып кеткенин байкабай калдым, ал эч ойлонбостон массаж кылууну суранды. Мен коркуп кеттим», — деп жазат кыз. Ал укалоодон баш тартканын айтып, бирок машыктыруучу талап кылган. Кыз жалбарып анан ваннага киргенин айтат. Ал сыртка чыкканда төшөктө күтүп турган жана кызга укалоону сунуштаган. Ал качып, башка кыздар келүүчү жерге чыккан. 

Кыз бул сырды эч кимге айтпайм деп ойлогон. «Мен аны унутуп калып эле, аны менен бир жыл иштештим», — деп эскерет ал. Ал 3 жылдан соң милицияга арыз жазган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден аталган факты каттоого алынганын айтты. Кызга экспертиза дайындалган. Айыпталуучу сурак берген. Учурда тергөө уланып жатат.