Бишкекте бир жумада 5 миң 137 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өткөн аптада Бишкек шаарында 5 миң 137 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 66 айдоочу мас абалында кармалып, караңгылатылган унааларда жүрүшкөн — 14, айдоочулук күбөлүгү жоктор — 72 адам, эки автоунаа бейбаштыгы, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча — 27, башка мыйзам бузуулар — 4 миң 956 түзгөн. Бир жума ичинде 426 унаа айып аянтчасына киргизилген.