Бишкекте бир нече алдамчылык кылмышы боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБиден маалымдашты.
«21-июнь күнү Ж.Г. аттуу жаран М.У. аттуу жаран Анар-Бак жаңы конушунан жер сатып берем деп андан 8 миң доллар акчасын алып, из жашырып кеткенин айтып арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1958-жылы туулган М.У. кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, бир айга СИЗО-1ге камакка алынды. Андан сырткары аталган жарандын алдамчылык фактысы боюнча бир нече кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги аныкталды»,- деп жазылат маалыматта.