Бишкекте бир түндө кафе менен дүкөн өрттөнүп кетти

28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим- кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.
Такталган маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.