31-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна Ж.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү белгисиз адамдар Панфилов көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда токтоп турган «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунаанын салонунан 8 миң сом акча салынган барсетканы жашыруун уурдап, андан соң белгисиз багытта из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары А.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.