Бишкекте бөйрөгү ооруган баланы милиция кызматкерлери ооруканага жеткиришти (видео)

Бүгүн, 6-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкек шаарында, Чүй жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери өз убагында жардам көрсөтүштү.

Кызматкерлерге ата-энелер кайрылып, алардын баласынын бөйрөгү катуу ооруп жатканын билдиришкен.

Милиция кызматкерлери дароо чара көрүп, баланы №3 Балдар ооруканасына ыкчам түрдө жеткиришкен.