Бишкекте «бөлүп төлөйм» деп 47 миң долларга алган унааны сатып жиберген шектүү кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан унаанын документтерин жасалмалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

20-январда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына жаран А.А. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби 2023-жылдын 7-ноябрында Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде 47 миң долларды түзгөн Тойота Хайландер үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен бөлүп сатып алам деп шылтоолоп, ишенимге кирип, ээлеп алган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал керектүү документтерди жасалмалап, үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн акчаны жеке муктаждыгына жумшаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (документтердин жасалмасын жасоо) ылайык кылмыш иши козголду. 1976-жылы туулган аял аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.