Бишкекте Улуу Британия жараны милиция кызматкерлерине кол көтөрдү

closeup of a young caucasian man throwing a punch to the observer, with a dramatic effect

Бишкекте Улуу Британиянын жараны милиция кызматкерлерине кол көтөрдү. Бул тууралуу күч түзүмүнүн кызматкерлери билдиришти деп «Кактус» жазат.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-мартта, «Достук» мейманканасынан милиция кызматына чалышып, алардын ресепшенде турган кызматкерин чет өлкөлүк жаран сабап койгонун айтышкан.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кол салган жаранды райондук милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Аты-жөнүн тактоо учурунда анын Улуу Британия жараны экени маалым болгон.

Териштирүү маалында чет өлкөлүк тергөө органынын кызмат адамына да кол салып, компьютерин жана столун сындырган. Сурактан кийин камерага алып бара жатышканда, дагы бир милиция кызматкерин бир нече жолу бетке урган.

Учурда бейбаш жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.