Бишкекте бычак кармап, милиция кызматкеринин сол чөнтөгүн айрып салган жаран кармалды

Милиция кызматкерлери бийлик өкүлүнө коркутуу же зомбулук көрсөтүү боюнча шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

26-март күнү саат 21:30дар чамасында милицияга борбор калаанын 4-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринде эркек киши мас абалында өзүн агрессивдүү алып жүргөндүгү тууралуу чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барышып, белгисиз адам учтуу буюм менен куралданып көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчын алып жаткандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, куралы менен каршылык көрсөткөн. Андан соң, форманын сырт кийиминин сол чөнтөгүн айрып салган.

Аталган факты Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесине (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) ылыйык кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган жаран кармалып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүгө карата 24-апрелге чейин Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камака алуу баш коргоо чарасы тандалган.