Бишкекте бычак менен коркутуп, акча алмаштыруучу жайды тоноого шектүүлөр кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

5-августта Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда жарандар тарабынан Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде каракчылык кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке барган Кайгуул кызматкерлерине 1997-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз үч жаран медициналык бет кап менен кирип, арыз ээсине күч колдонуп, бычак менен коркутушуп, ачык түрдө тоноп кетишкен. Ошол жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган эки жаран кармалган.