Ушул жылдын 5-апрелинде 34 жаштагы Рахима Айкынбаеванын сөөгү жерге берилген. Келиндин жакындары “аны мурдагы күйөөсү денесинин 27 жерине бычак сайып өлтүргөн” дешкен. Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы кылмышка шектүү деп анын мурдагы жолдошун кармап, камакка алган. Келиндин артында 3 баласы калган.
Бүгүн, 24-октябрда Биринчи Май райондук сотунда маркум келиндин мурдагы жолдошуна карата сот өкүмү чыкканы маалым болду. Соттун 22-октябрдагы өкүмү менен шектүү Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылган, ага жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.
«Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Шектүү кармалгандан баштап өкүм күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун 1 күнү эркиндигинен ажыратуунун 2 күнүнө барабар деп эсептелген. Айыпталуучунун жазасынын өтөөсү 4-апрелден баштап эсептелген. Айыпталуучуга карата тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылып, анын пайдасына айыпталуучу 300 миң сом моралдык зыян өндүрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
SUPERTV телеканалына келиндин апасы менен бир тууганы маек берип, кылмыш тууралуу айтып беришкен.