Бишкекте коомдук жайда мушташкан аялдар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
18-июнь күнү социалдык тармактарда Кулиев көчөсүндө аялдардын мушташкан видеосу тараган. Аталган маалымат Биринчи Май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1990 жана 2000-жылы туулган жарандар аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык (майда бейбаштык) протокол түзүлүп, камакка алынган. Жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет.