Бишкекте «Ак бата» чайканасынан чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

Бишкекте чайканада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калган. «Ак-Бата» чайканасынан чыккан өрт саат 12:58де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 11:04төн тарта ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №4, №8 өрт куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынып, саат 12:58де толук өчүрүлдү.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.