Бишкекте чала таанышына бычак сайды деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери чала таанышына бычак сайып, из жашырууга аракет кылган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 4-ноябрда саат 02:50 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына «Черепки-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жолдошумду бычак менен сайып салды» деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барган. 1998-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, анда саат 03:00 чамасында арыз ээсинин жолдошун чала тааныш жаран уруша кетип, курсагына бычак менен сайып, качканга аракет кылганын айткан. Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына жеткиришти. Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.