Бишкекте чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбек жараны кармалды

Бишкекте мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны Октябрь районунун аймагында экени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

35 жаштагы шектүү 5-кичи райондогу ижарага алынган батирлердин биринен кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.