Бишкекте чет элдик жаран автобустагы жоругу үчүн кармалды

Бишкекте коомдук транспорттогу жоругу үчүн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Социалдык тармактарда чет элдик жаран коомдук транспортто чет элдик кызга карата адепсиз жорук кылган учур тартылган видео тараган. Бул факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталган. 1988-жылы туулган жаран милицияга жеткирилген. Ага 126-берене («Майда бейбаштык») менен административдик протокол түзүлүп, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте сотко жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында болуу тартибин бузгандыгы үчүн чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат.