Бишкекте чет элдик жарандардын урушу өлүм менен аяктады

Милиция кызматкерлери этиятсыздыктан өлүмгө себепкер болгон шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 

29-июлда саат 21:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Юнусалиев көчөсүндө эки чет өлкөлүк жарандын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыкканын, уруш учурунда алардын бири өзүн жаман сезип, Тез жардам кызматы баргыча каза болуп калганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча «курсактын жабык травмасы, жүрөктүн рефлектордук токтоп калышы» деген диагноз коюлган. Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.