Бишкекте чет өлкөдө жумушка киргизем деп 300 доллар алып, из жашырып кеткен жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-июнда шаардын тургуну милицияга кайрылган. Ал андан бир жигит чет өлкөдө жумушка орноштурам деп убада берип, арыз ээсинен 300 доллар алып, изин суутуп кеткенин айткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Укук коргоо кызматкерлери 22 жаштагы шектүүнү кармашты. Свердлов райондук соту аны Бишкектеги СИЗО-1ге бир айга камакка алган.