Бишкекте чет өлкөлүк жаранды пранкка салган тиктокчу милицияга жеткирилди

Бишкекте чет өлкөлүк жаранды пранкка салган жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда жер алдындагы өтмөктө жаранды пранкка салган блогердин видеосу тараган. Аталган факты Биринчи Май РИИБге каттоого алынган. Пранкер милицияга жеткирилген. «Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.