Бишкекте чет өлкөлүк жаранды пранкка салган тиктокчу: «Кечирим сурайм, мындай кайталанбайт»

Буга чейин социалдык тармактарда жер алдындагы өтмөктө жаранды пранкка салган блогердин видеосу тараган. 

Ал мындай кылыгы үчүн Биринчи Май РИИБге жеткирилген. «Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет»,- дешкен милициядан.

Блогер Аскат Өмүров тамашасы үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. «Кечирим сурайм. Коомчулукка терс таасир этсем кечиргиле. Экинчи кайталанбайт. Ал жарандын оорулуу экенин билген эмесмин. Билсем тартпайт элем», — деди ал.