Бишкекте бир катар чөнтөк уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
18-январда Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Ахунбаев менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорттордун биринен 30 миң сом турган Поко 5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда соттолгон 1992-жылы туулган жаран аныкталып кармалган. Белгилей кетсек, шектүү чөнтөк ууру катары каттоодо тургандыгы аныкталган.
Мындан тышкары, жеке текшерүү учурунда шектүүдөн Айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган. Ыкчам кызматкерлердин айтымында, телефон 22-январда коомдук транспортто уурдалган. Жабырлануучунун өздүгү аныкталып, телефон ээсине кайтарылган.