Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды. Алардан 5 телефон табылган

Бишкек милициясы бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

12-октябрда Октябрь РИИБге жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында Чүй жана 7-апрель проспектилеринин кесилишиндеги кичи автобустардын биринин ичинде чөнтөгүнөн 20 миң сом турган Poco x4 уюлдук телефонун жашыруун уурдап, из жашырып кетишкен. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

2004-жылы туулган эки жигит мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолушкан. Шектүүлөр райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн 5 уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун мурда уурдалган уюлдук телефону табылган.

Учурда шектүулөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.