Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
13-мартта Биринчи Май РИИБге жаран кайрылган. Анткени аталган күнү Чүй проспектисинде жайгашкан кичи автобустардын биринде iPhone 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкен. Алар качып кетүүгө аракет кылып жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.
Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган Б.Н., 1989-жылы туулган С.А. жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар аныкталып, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.