Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды (сүрөт)

Бишкек милициясы коомдук транспортто бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

18-январда Биринчи Май РИИБге жаран кайрылып, аталган күнү саат 20:40 чамасында Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын биринин салонунан 15 миң сомду түзгөн Redmi9 маркасындагы уюлдук телефонун чөнтөгүнөн уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган жаран, 2001 жана 2000-жылы туулган жарандар аныкталып, кармалган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон табылган.