Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен 15 жаштагы өспүрүм куткарылды (видео)

Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен 15 жаштагы өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 10-сентябрга караган түнү болгон. Саат 01:20 чамасында Октябрь районундагы Исакеев көчөсүндө казылган чуңкурга 2006-жылы туулган өспүрүм кулап кеткен. Ал жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, альпинисттик жабдыктар менен жаранды чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди.