Бишкекте цехтен чыккан өрт 4 жашар кыздын өмүрүн алды (сүрөт)

Бишкектеги өрт 4 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ленин районундагы Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыккандыгын билдирген. Өрт саат 13:26да чектөөгө алынды. Анын кесепетинен 4 жашар кыз каза болду. Учурда анын аты-жөнү такталууда жана өрт толугу менен өчүрүлүп жатат.