Бишкекте «Центр плова» кафесинен өрт чыкты

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаарынын Жибек жолу жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Центр плова» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, жалын кафенин чатырынан башталган. Өрт саат 10:42де чектөөгө алынып, 15 мүнөттөн кийин толугу менен өчүрүлдү.