Бишкекте дааратканадан ымыркайдын жансыз денеси табылды

20-февралда саат 09:57де милицияга Бишкектин Киев көчөсүндөгү имараттын дааратканасынан ара төрөлгөн баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ымыркайдын болжолдуу апасы деп 2000-жылы туулган К.С. табылган. Ал Чүй облусунун Кара-Балта шаарында кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.