Бишкекте дайынсыз болуп жаткан кыз менен аны ала качкан жигиттин жансыз денеси табылды (cүрөт)

5-апрелде ала качып кетти делинип изделип жаткан кыз менен аны ала качкан баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-апрелде саат 14:30 чамасында Аламүдүн районунун милициясына Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан унаанын ичинде кыз менен баланын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери Honda Civic үлгүсүндөгү унааны көрүшкөн. Бул унаа айдоочусу менен кошо милиция тарабынан изделип жаткан болчу.

Унаанын ичинен күч колдонуп өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү табылган. Анын жанында кызды ала качкан 36 жаштагы жарандын бычактан ар кандай жаракат алган денеси болгон. Чабан бул унааны аталган жерден 5-6-апрель күндөрү көргөнүн, бирок баткакка тыгылып калган го деп, маани бербегенин айткан. 7-апрелде гана унаанын жанына келип, ичинен кыз менен баланын жансыз денесин көргөн. Алдын ала божомолдорго караганда, жигит кыз менен уруша кетип, аны муунтуп салган, кийин өзүнүн денесине бычак менен ар кандай жаракаттарды келтирип, каза тапкан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.