Бишкекте далыга бычак сайып, 4 миң долларын тартып кеткен шектүүлөр кармалды

Бишкек милициясы тарабынан каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

4-январь күнү Биринчи май РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Ал белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган себеби, 31-декабрь күнү саат 1:50 чамасында Кулуев жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен 4 миң долларын күч колдонуп далына бычак менен сайып, тартып алышкан. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Ж.Э. жана 2001-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар кармалган. Тергөө уланууда.