Бишкекте депутат катышкан мушташ боюнча 2 шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери Бишкектеги мушташка шектүү эки жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д. кармалган. Милиция тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.