Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар кечээ, 15-мартта Свердлов райондук сотунун чечими менен 1 айга СИЗО-1ге камакта калтырылган.
- Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.
- Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
- 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалды.
- Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганы маалымдалган.
- Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. Ал эми депутат Жусупбек Коргонбай уулу жабырлануучу тарап тосмо арыз жазганын айткан.