Бишкекте депутаттыкка талапкердин тууганы добуш сатып алды деген шек менен кармалды

Добуш сатып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Кармалган жаран борбор калаанын тургуну С.М.О. — Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жакын тууганы. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал киши Бишкектин бир нече райондук жана үй комитеттерин мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө жана акчага добуш сатып алууга көндүргөн.

Факты Жазык кодексинин 192-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүү 16-ноябрда акча таратып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, тинтүү учурунда анын унаасынан ири суммадагы акча жана дареги жазылган шайлоочулардын тизмелери табылган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.