Бишкекте диджейдин атып өлтүрүлүшү. Каза болгон жаран 38 жашта болчу

Бишкекте диджейди өлтүрө атып кеткен жарандар изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ, 25-февралда болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде эркек киши эс-учун жоготкон абалда жатат деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери барган.

Кызматкерлер эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Криминалдык эксперттер жансыз денени кароо учурунда оң ийинине ок тийгенин аныкташкан. Ок оң ийининен кирип, көкүрөгүндө токтогон. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон адамдын 1983-жылы туулган С.Д. экени аныкталган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо үчүн бардык иш-чаралар жүргузүлүп жатат.

Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча, каза болгон жаран «Бензин-312» түнкү клубунда диджей болуп иштечү.