Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды (видео)

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын тургуну Нурлан [аты өзгөртүлдү] Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп шайлоочуларды сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан 2 жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. Алар аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.