Бишкекте дүкөндөн 114 миң сомдук телефонду уурдаган шектүү кармалды (видео)

Бишкектеги дүкөндөн 114 миң сомдук телефонду уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«6-июль күнү Б.К. аттуу жаран дүкөндөн белгисиз жаран IPhone 13promax үлгүсүндөгү баасы 114 миң сомдук телефонун уурдап кеткендигин айтып кайрылган. 

Аталган факты Октябрь РИИБисине катталып, уурулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында 1977-жылы туулган А.М. кылмышка шектелип кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Октябрь сотунун чечими менен шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, эки айга СИЗО-1ге камакка алынды», — деп жазылат маалыматта.