Бишкекте дүкөндөн 64 телефон, 6 ноутбук уурдоого шектүүлөр кармалды (видео)

Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

13-октябрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анда 13-октябрга караган түнү Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине терезенин тосмосун бузуп кирип, жалпы суммасы 5 миллион сомду түзгөн 6 ноутбук, ар кандай түрдөгү 64 уюлдук телефондорду уурдап кетишкени айтылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1976, 1996 жана 2002-жылы туулган шектүүлөр аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы күрөөканалардан 5тен ашык уюлдук телефондор далил деп табылып, кылмыш ишине кошулган.