Бишкекте дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү

26-майды караган түнү Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 02:56ден тарта Ленин райондук №28 Өрт куткаруу бөлүгүнөн (ӨКБдан) 1, кошумча саат 03:15те №6 ӨКБдан 1, саат 03:18те №4 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 04:07де чектөөгө алынып, саат таңкы 5:06да өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган дүкөн толугу менен күйгөн. Такталган маалымат боюнча өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.