ИИМ: «Бишкекте ээсиз калган батирлерде мэриянын кызматкерлери мыйзамсыз жашап жатышкан»

Ээсиз калган батирлерди мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматы «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш ишти иликтеп жатат. Анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында жайгашкан мэриянын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээсиз калган батирлер деп таанылган.

Бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болчу. Бирок 2013-жылы Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан бир батир Свердлов районунун Муниципалдык техникалык башкармалыгынын жетекчисине мэриянын тиешелүү чечими жок берилген. Ал жаран бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш артууда. Андан сырткары соттун чечими менен ээси жок деп эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде мэриянын жооптуу кызматтарды ээлеген адамдары жашап жаткандыгы аныкталды.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан калган батирлердеги жашоочулардын аты-жөнүн аныктоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн аларды ИИМдин Тергөө кызматына алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.